Францияда пенсия курагынын жогорулашына каршы бир катар социалдык нааразылык акциялары уланууда. Сегизинчи жолу реформага макул болбогондор жумушун таштап, көчөгө чыгышты. Иш таштоо уланып жаткан маалда Париждин жана башка шаарлардын тротуарларында 3000 тонна таштанды үйүлгөн.
Коммуналдык кызматтын кызматкерлери, анын ичинде таштанды жыйноочулар эл көп жүргөн көчөлөрдөгү кафелердин жетекчилери кардарларды мекеменин ичине гана отургузуш керек дешет.