XIX Азия оюндарына катыша турган Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын курамында өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков билдирди.
Анын айтымында, мелдешке Айсулуу Тыныбекова жана Айпери Медет кызы катышат.
“Ал эми Мээрим Жуманазрова алган жаракаттарына байланыштуу Азия оюндарына катыша албайт. Жуманазарованын ордуна 68 кг чейинки салмакта балбан Нурзат Нуртаева катышмакчы”, – деди ал.
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 23-сентябрынан 8-октябрына чейин Кытайдын Ханчжоу жана ошондой эле беш шаарында XIX Азия оюндары өтүп жатат.