2008-жылы Пекин олимпиадасына келген туристтерди ташуу үчүн 6 айлык мөөнөткө гана чыгарылган автобустарды олимпиада бүткөндөн кийин Бишкек шаарынын ошол кездеги мэри Нариман Түлеев сатып алганын, алар көп өтпөй керек-жарактан чыкканын, ошонун айынан 2012-жылы Убактылуу жайга киргизилгенин, учурдагы бийлик ошол автобустарды кайрадан экинчи ирет “списаниеге” кетирип, Нариман Түлеевдин “буюм далилдерин” жок кылганын, Бишкек Кытай автобустарынын көрүстөнүнө айланганын белгилүү журналист Турат Акимов жазып чыкты. Ал “ЖЭБ Бишкектин металлолому Сапар Исаковдун чөнтөгүнө түшкөн эле, Нариман Тулеевдин автобустарынын металлолому эми кимдин чөнтөгүнө түшөт”,- деп сураган.