Айымдар менен мырзалар эки ааламдын кишилериндей ошондуктан өз ара мамилеринде түшүнүшүүнү табуу кыйын. Сөзсүз, кемчиликсиз адам болбойт жана айымдар деле жаңылыштык кетирет. Бирок, мырзалар кээде аял затын акылга сыйбаган адаттары менен таң калтырып келет. Айымдардын кыжырын келтирген мырзалардын кээ бир адаттары:
Компьютер жана телевизор.
Көптөгөн заманбап мырзалар бош убактыларында диванга жатып алып, колунда сыра шишеси же пульт менен өткөрөт. Ал эми дем алыш күндөрү кезектеги онлайн – оюну менен алектенет. Бирок айымдарды өтө кыжырданткан нерсе мырзалардын сайттар менен алаксып, интернеттен таанышуу бурчтары менен кат жазышканы. Көптөгөн аялдар күйөөсү үй-бүлөсүнө көбүрөөк көңүл бурушун каалайт.
Элдин көзүнчө гигиеникалык нерселерди жасоо.
Сөзсүз, бардык эле адамдар кулагын тазалап, мурдун чукуп же ич кийимдерин оңдоп жана тишин тазалашат. Бирок, кээ бир эркектер муну кинотеатрда, кафеде досторкон үстүндө, унаа айдап баратып же кызы менен паркта эс алууда жүргөндө элдин көзүнчө жасашат. Айымдардын алдында жасалган мындай кыймыл аракеттер деги эле баардыгынын кыжырын келтирет.
Хаос жана тартипсиздик
Мырзалардын баарында эле иретсиздик байкала бербейт. Бирок, көптөгөн аялдардын башынан кир байпактарын жана кийим -кечектерди ар кайсы жерден чогултууга туура келет. Отурган жерлерден күкүмдөрдү, толук ичилбеген кофе же чай стакандарын топтойт. Ваннадан чыккандан кийин артынын тазалоого туура келет. Мындай кемчиликтерди санай берсе толуп жатат.Бирок,мындай адаттардан арылтууга болот. Ал үчүн убакыт жана чыдамкайлуулук керек. Эркектерге тагыраак түшүндүрсө алар кир кийимдерди кайда коюшту,стакандарды ашканага алып барышты адатка айландырып алышат.
Туура тамактанууну билбөө.
Каршыңдагы адамдын чалпаңатып тамактанып, оозунун баары чачырып турганы эч кимге жакпайт. Айрыкча тамактанып жатканда абайлап сүйлөп,ыктытып же жүткүрбөөгө аракеттениш керек. Тамактангандан кийин колун ичине коюп каттуу кекирген да туура эмес. Ушунун баары кафе же ресторанда болгону өтө эле жаман. Мындай учурда ар бир аял уятынан жерге кирип кете жаздайт. Бирок, азыркы заманбап жашообузда мындайлар сейрек кездешет.
Жанынан өткөн айымдарды талкуулоо.
Тегерегиндеги айымдарды талкуулоо көпчүлүктү кыжырдаттып келет. Жанынан кыска этек кийген сулуу кыздар өткөндө чанда эле эркектер карашпайт. Эгерде бул бир компаниядагы айымдар болсо анда сөзсүз баардыгы,алардын буттарынан баштап, бардык дене, башын талкуулап чыгышат. Жада калса жанында аялы турганына да карабайт. Мындай учур кызганууну пайда кылып, айымдарды сөзсүз түрдө кыжырдантат.
Дүкөндү кыдырууну жактырбоо.
Көпчүлүк эркектерге эки жынсы, жакшы көргөн сивитри жана бир канча футболкасы болсо жетет. Ошону менен эле бардык жерге бара беришет. Кээ бир эркектерди дүкөнгө барып, кийиндирүү бир топ кыйынчылыкты туудурат. Мындан чыгуунун бир гана жолу башынан бутуна чейин өлчөп, баардыгын аялы сатып алуусу керек. Муну бардык айымдар жасашат.
Сөгүнүү жана сабатсыздык.
Оюн так түшүндүрө албай аягында тантырактап салган эркектер болот. Мектепти бүткөнүнө карабай пикирин айта албай сөгүнүү менен жеткирет. Айрыкча айымдардын көзүнчө кыйкырып, сөгүнүү адептүүлүктүн жеткен чеги. Бир дагы аял заты оозуна ээ болбогон эркектерди сыйлабайт.
Тизме улана берет.
Ар бир айым буга өз кошумчасын кошо алат: Катуу чүчкүрүү, уюлдук телефонун такыр өчүрбөө, даратканада тамеки чегип көпкө отуруу, тышкы келбети… Эмесе айымдарга бул темага үн кошуусу үчүн “Мырзалардын кайсы сапаты сизге жакпайт?” деген собол таштоо менен кыскарталы. Оюңузду ортого салыңыз?