Мыктыбек Абдылдаев Элдик курултайдын Катчылыгынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
«Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 71-беренесине, «Элдик Курултай жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 9-беренесине ылайык, Элдик Курултайдын Улуттук Кеңешинин 2023-жылдын 15-декабрындагы жыйналышынын протоколунун негизинде Абдылдаев Мыктыбек Юсупович Элдик курултайдын Катчылыгынын жетекчиси болуп дайындалды», — деп айтылат маалыматта.Мыктыбек Абдылдаев Элдик Курултайдын Катчылыгынын жетекчиси болуп дайындалды