Мыйзамсыз сатылган “Кызыл-Белес” тоо лыжа базасы мамлекетке кайтарылды

Автор

Аламүдүн районундагы “Кызыл-Белес” тоо лыжа базасы мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында буга чейин Аламүдүн районунун мамлекеттик мүлктү башкаруу жана жергиликтүү бийлик органдарынын жооптуу кызматкерлери тарабынан жалпы аянты 10 га болгон тоо лыжа базасы жана жайыт жерлери жеке менчикке өткөрүлүп берилип, кийин үчүнчү жактарга кайра сатылгандыгы аныкталган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө менчик ээлери өз ыктыяры менен 50 млн сомдон ашык бааланган жер тилкесин жана курулуштары бар объектти мамлекеттин балансына өткөрүп берди.
Учурда УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген өнөр жай жана социалдык объектилерди мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иш-чараларды улантууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Жогорку Кеңеш Аскар Акаевге экс-президент макамын кайтаруудан баш тартты

Жогорку Кеңеш мурдагы президент Аскар Акаевге экс-президент макамын кайтаруудан баш тартты. Мындай чечимди парламент бүгүн, 25-сентябрдагы жалпы жыйында кабыл алды Буга чейин Аскар Акаев Жогорку Кеңешке кат жолдоп, анда депутаттык комиссия түзүп, «экс» макамын кайтарууну өтүнгөн.Парламенттин тармактык комитети анын арызын карып чыгып, Жогорку Кеңешке Аскар Акаевдин өтүнүчүн четке кагууну сунуштаган. […]

Сизге жагышы мүмкүн