Мыйзамсыз мобилдик телефондорду каттагандар кармалды

Автор

Кыргызстанда мобилдик телефондорду мыйзамсыз каттагандар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.
Атайын кызмат тарабынан Мамлекеттик идентификациялоо системасын ишке ашыруунун алкагында мобилдик телефондорду алып келүү жана каттоонун белгиленген эрежелерин одоно бузуу фактылары аныкталды.
Бекитилген идентификациялык жол-жоболорго ылайык, өлкөгө сатуу же башка ишкердик иш-аракеттерди жүргүзүү максатында импорттоодо аппараттардын негизги бөлүгү импортерлор тарабынан катталууга тийиш.
Ошого карабастан, телефондорду бажы жол-жоболорун кыйгап каттоо фактылары, ошондой эле жеке адамдар тарабынан Мамлекеттик идентификациялоо системасынын талаптарын жана иштөө шарттарын бузуу менен мобилдик түзүлүштөрдү баш аламан каттоо схемасы уюштурулуп, кеңири жайыла баштаган.
Буга байланыштуу 16-октябрда атайын иш-чаралар өткөрүлүп, натыйжасында жогоруда аталган мыйзамсыз иштердин негизги уюштуруучулары катары А.С.Т., Ю.Ж., У.Р.У. жана С.O.С. аттуу жарандар кармалды.
Учурда окуяга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча аракеттер көрүлүүдө.
УКМК мобилдик аппараттарды мыйзамсыз каттоо кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эскертет.

Бөлүшүү:
Next Post

Түркияда жер титирөөдө 187 адам жаракат алды

Түркиянын Малатья аймагында болгон жер титирөөдө 187 адам ар кандай деңгээлде жаракат алышты. Бул тууралуу Түркиянын ички иштер министри Али Йерликая билдирди. “Үч имарат жарым-жартылай урады. Жабыркаган 43 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө”,-деди министр. Түркияда 16-октябрда күчү 5,9 баллга жеткен жер титирөө болуп, эпицентри Малатия шаарынан 47 чакырым чыгышта жайгашкан. Жер титирөөдөн […]

Сизге жагышы мүмкүн