Мыйзамсыз мигранттар үйлөнө албайт

Автор

Россиянын Ички иштер министрлигинин биринчи орун басары Александр Горовой «Коммерсант» басылмасына берген маегинде учурда өлкөдө мыйзамсыз жүргөн чет элдиктердин реестри түзүлүп жатканын билдирди. Горовойдун айтымында, реестрге киргизилгенден кийин бул жарандар транспорт каражаттарын башкара албайт, банк кызматтарын пайдалана албайт. Ошондой эле мүлк каттай албайт, нике кура албайт жана ажыраша албайт. Балдарын бала бакчаларга жана мектептерге жайгаштыра албайт. Бул долбоорду ишке ашырууда негизги милдеттердин бири болуп жогоруда айтылган кызматтарды көрсөтүүчү уюмдар менен ведомстволор аралык электрондук кызматташуу болуп саналат.

Бөлүшүү:
Next Post

Рафик Мамбеталиев кармалды

УКМК Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Рафик Мамбеталиевди кылтакка илди. Ал өткөн аптада «бийликти басып алууга даярданууга» шектелип, УКМК тарабынан кармалган эле. Бөгөт чарасы 13-сентябрда каралып, УКМКнын тергөөчүсү аны кармоо өтүнүчүн келтирген. Бирок, сот тергөөчүнүн өтүнүчүн канааттандырган эмес. Рафик Мамбеталиев 21-октябрга чейин үй […]

Сизге жагышы мүмкүн