Мыйзамсыз курулуштар боюнча жашыл жана кара тизме түзүлөт

Автор

Мыйзамсыз курулган көп кабаттуу турак үйлөрдүн батирлери кардарларга сатылып кеткен болсо, мамлекет ал имаратты бузбайт. Мындай маалыматты архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Нурдан Орунтаев билдирди. Мындай чечимдин кабыл алынышына мамлекет жарандардын кетирген чыгымдарын төлөп бере албаганы менен түшүндүрдү.
Ушундан улам аталган мекемеде жашыл жана кара тизме болоорун, жаңы жылдан кийин өз кызматтарын аткарбаган, лицензияларды арзан баага сатып алып, бекитип отурган жана курулуш эрежелерин сактабаган курулуш компаниялары ошол кара тизмеге, ал эми жашыл тизмеге кызматтарын так аткарган компаниялар киргизилээрин айтты. “Бүгүнкү күндө 1000 сомго алынган лицензиялар 350 миң сомго сатылып жатат. Ошол лицензиялардан салыктык кирешелер түшпөсө, алардын баарын чакыртып алабыз. Учурда өлкө аймагы боюнча 6 миң лицензия берилсе, анын 350 лицензиясы иштелип, калгандары сурмада жатат. Керек болсо, лалафодон сатып алсаң боло турган абалга жетиптирбиз”,- деди Нурдан Орунтаев. Ал лицензия боюнча жумуш татаалданаарын эскертти.

Бөлүшүү:
Next Post

Түндүк Корея АКШга жете турган ракета учурду

Япония 18-декабрда баллистикалык ракета учурганына байланыштуу Түндүк Кореяга нааразылык билдирди. «Балистикалык ракеталарды учуруу Бириккен Улуттардын Уюмунун Коопсуздук Советинин резолюцияларын бузуу болуп саналат жана биздин элибиздин коопсуздугу учун олуттуу проблема болуп саналат»,-деп билдирет Япониянын өкмөтүнүн башкы катчысы Ёсимаса Хаяши. Япон адистеринин айтымында, кадимки траектория менен ракетанын учуу диапазону согуштук дүрмөтбаштын салмагын […]

Сизге жагышы мүмкүн