Учурда өлкө аймагында 87 мыйзамсыз курулуштар бар. Мыйзамсыз курулган 36 обьекти Бишкек шаарында курулган. Анын 21 имаратына калк отурукташып алган. Убагында курулуш компаниялары мамлекет уруксат бербесе деле өзүмбилемдик менен салып алышканын Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Иманакун уулу Талант билдирди. Мындай курулуштар 2017-2018-жылдары салынып калган.
Мамлекеттик курулуш агенттиги комиссия түзүп, сейсмалогиялык аныктамасын чыгарып, кайрадан көзөмөлдөн өткөрүп, мыйзамсыз курулуштардын тагдырын чечүү үчүн Жогорку Кеңешке алып келүүнү пландап жатат.