Мушкер Мунарбек Сейитбек уулу тууралуу көркөм тасма тартылат

Автор

Париждеги Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси Мунарбек Сейитбек уулу тууралуу “Бир туугандык жеңиш” аталышындагы толук метраждуу тасма тартылат. Бул тууралуу Tөлөмүш Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Париждеги Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси, кыргызстандык боксчу Мунарбек Сейитбек уулунун жеңиши тууралуу хронометражы 90 мүнөттүк толук метраждуу көркөм тасма тартылат. Тасма Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркиянын биргелешип тарта туруучу алгачкы кинодолбоору болуп саналат.
Эске салсак, Мунарбек Сейитбек уулу кыргыз боксунун тарыхында биринчи жолу Олимпиадага жолдомо уткан мушкер. Мунарбек Сейитбек уулу Парижде өткөн Олимпиада оюндарынын финалга чыгып, күмүш байгеге татыган. 28 жаштагы мушкер кыргыз спортунун тарыхындагы жаңы баракты ачты.

Бөлүшүү:
Next Post

Конституциялык сот президентке импичмент боюнча иш баштайт

Түштүк Кореянын Конституциялык соту 27-декабрда президент Юн Сок Ёлге парламент тарабынан жарыяланган импичмент боюнча биринчи угуусун өткөрөт. Угуу жана териштирүүлөр коомчулук үчүн ачык болот. Иш-чарага Юн Сок Ёл катышууга милдеттүү. Конституциялык соттун импичментти колдоо жана Юн Сок Ёлди кызматтан четтетүү же аны кызматка кайтаруу боюнча чечим кабыл алыш үчүн 180 […]

Сизге жагышы мүмкүн