Мухтарбек Баймурзаев Эмгек министринин биринчи орун басары болуп дайындалды

Автор

Мухтарбек Арапбаевич Баймурзаев эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
2-сентябрда Мухтарбек Баймурзаев министрликтин борбордук аппаратына тааныштырылды.
Буга чейин биринчи орун басар кызматын Жыпариса Рысбекова ээлеп келген.

Бөлүшүү:
Next Post

Ошто жер титиреди

Бүгүн таңга жуук саат 04:49да Ош облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу КР Сейсмология институтунан билдиришти. Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Кара-Киндик айылынан түштүк-батышка карай 6 чакырым, Сары-Таш айылынан түштүк-чыгышка карай 19 чакырым аралыкта жайгашкан. Жер титирөө калктуу пунктарда – Кара-Киндик айылында 3 баллга жакын, […]

Сизге жагышы мүмкүн