Мухаммед Жолани, Сириянын жаңы лидери: “Сирия согуштан чарчады”

Автор

24 жылдан бери Сирияны башкарган Башар Асад үстүбүздөгү жылдын 8-декабрында Орусияга качты. Хафыз Асад менен Башар Асаддын 53 жылдык бийлигин кулаткан Ахмед Эш-Шера же болбосо, мурдагы ысымы Эбу Мухаммед Жолани бүгүн Сирияны кризистен алып чыгууга аракет кылып жатат. Ал “Хейет Тахрир Эш-Шам” уюмунун лидери болгон.
Мухаммед Жолани News телеканалына маек берип, өлкөсүнүн келечектеги багыттары боюнча сүйлөп берди.
-Айтыңызчы, Башар Асад боюнча эмне дээр элеңиз?
– Ал Сириянын байлыгын алып качты. Биз аны сактап отургандарга кайрылаар элек, ал Сириянын мыйзамдары боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек.
– Сиз Израил менен согушайын деген оюңуз жокпу? Алар күчтүү да, туурабы?
-Маселе, алардын күчтүү болуп, болбогонунда эмес. Сирия согуштан чарчады. Өлкөбүз күчтүү жана өнүккөн өлкөгө айланышы керек. Биздин Израилге кол салуу боюнча планыбыз жок. Сирия эч бир өлкөгө коркунуч жаратпайт.
-Тартус менен Латакия шаарларындагы орус аскердик базалары чыгып кетишеби?
-Сирия менен Орусияны стратегиялык өнөктөштүгү байланыштырып турат. Биз бул мамилеге чекит кое албайбыз. Кайра, эки өлкөнүн достук мамилесин, стратегиялык өнөктөштүгүн өнүктүрүшүбүз керек. Сириянын көз карандысыздыгын жана кызыкчылыктарын коргогон бардык мамилелерге маани беребиз. Мындан улам Орусияны Сириядан кууп чыгалы деген ойдон таптакыр алысмын. Азыр алар менен мамилени өркүндөтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Биздин Орусияга, Түркияга, Израилге же, Америкага туруштук бергенге күчүбүз жетпейт. Буга байланыштуу баары менен диалог кургубуз келет.
News телеканалынан которулду

Бөлүшүү:
Next Post

Россиянын тоңдурулган активдеринен Украина миллиард доллар алды

Украина АКШдан 20 миллиард долларлык насыянын алкагында биринчи траншты алды. Анын суммасы бир миллиард долларды түздү. Бул каражат Россиянын тоңдурулган активдеринин кирешелери менен камсыздалат. Бул тууралуу Украинанын премьер-министри Денис Шмыгаль билдирди. «Биз бардык активдер Украинаны калыбына келтирүүгө жумшалат деп үмүттөнөбүз»,-деди украин премьер-министри. G7 өлкөлөрү июнь айында Украинага Россиянын тоңдурулган активдеринен […]

Сизге жагышы мүмкүн