Мындай маалыматты “Грузин кыялы” партиясынын ардактуу төрагасы Бидзина Иванишвили билдирди.
Ал мурдагы футболчу Михаил Кавелашвили. Партия аны грузияны башкаруу үчүн талапкерликке көрсөтөт.
Кавелашвили 2016-жылкы шайлоодо башкаруучу партиянын депутаты болгон. Кийин фракциядан кетип, “Элдик күч” саясий тобун жетектеген.
Булар “салттуу баалуулуктарды” колдоо менен “чет элдик агент”, ЛГБТны чектөө мыйзамдарынын ишке ашырылышын сүрөп келишет.
Михаил Кавелашвили 53 жашта. Футболдук карьерасы 1980-жылы башталган. 1995-жылы “Спартак-Алания” командасынын курамында ойноп, Орусиянын чемпиону наамына ээ болгон.