Мурдагы премьер-министр НАТОну жетектейт

Автор

Нидерландиянын мурдагы премьер-министри Марк Рютте НАТОну жетектей турганы маалым болду. Анын талапкерлигин Түндүк Атлантика альянсына мүчө болгон 32 өлкөнүн баары колдоду.
Рютте альянстын башкы катчысынын кызматына 2024-жылдын 1-октябрынан тарта аскердик-саясий блоктун азыркы башчысы Йенс Столтенберг кызматынан кеткенден кийин кириши күтүлүүдө.
Буга чейин венгр премьер-министри Виктор Орбан нидерландиялык саясатчынын талапкерлигине каршы экенин билдирген. Бирок Рютте венгр өкмөтүнүн башчысы менен сүйлөшүп, Будапештти НАТО венгриялыктар Украинага курал жөнөтүүнү талап кылбайт деп ишендирди.

Бөлүшүү:
Next Post

Шаршенбеков Польшадагы мелдеште алтын медаль тагынды

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Жоламан Шаршенбеков Ziolkowski, Pytlasinski, Poland Open атындагы эл аралык турнирде алтын медаль жеңди. Мелдештер 19-24-июнь күндөрү Польшанын Варшава шаарында өтүп жатат. Шаршенбеков финалда украиналык спортчуну 9:1 эсебинде утуп, алтын медалга татыды. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн