Мурдагы премьер-министр НАТОнун башчысы кызматына расмий түрдө киришти

Автор

Нидерландиянын мурдагы премьер-министри Марк Рютте НАТО уюмунун башчысы болуп расмий түрдө кызматка киришти. Альянстын кетип жаткан башчысы Йенс Столтенберг ага салтанаттуу түрдө балканы тапшырды.
Рюттенин ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү аземи Брюсселдеги альянстын башкы кеңсесинде Түндүк Атлантикалык Кеңештин атайын жыйынында өттү.
20-июнда Рюттенин альянстын эң жогорку кызмат ордуна талапкерлигин НАТОго мүчө болгон 32 мамлекеттин баары колдогон.
Марк Рютте 1967-жылы 14-февралда Гаага шаарында Нидерландиянын ири соода компанияларынын биринин директорунун үй-бүлөсүндө туулган. Лейден университетинин тарых факультетин бүтүргөн. Магистр даражасына ээ.

Бөлүшүү:
Next Post

2-октябрда күтүлгөн аба ырайы

2-октябрда түнкүсүн Талас облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Баткен облусунун тоолуу райондорунда жаан жаайт, бийик тоолуу райондорунда карга айланат. Күндүз Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаайт, бийик тоолуу райондорунда кар […]

Сизге жагышы мүмкүн