Ош шаарындагы Ахматбек Сүйүмбаев атындагы стадиондун жерлери 2000-2009-жылдар аралыгында жеке жактарга берилип кеткени маалым болду. “Тактап айтканда, Ош шаарынын мурдагы мэрлери Жусупбек Шарипов, Жумадыл Исаков жана Жантөрө Сатыбалдиевдин учурунда жеке тараптарга берилип кеткен. Алгач, курулушка уруксат берилип, андан кийин ошол эле мэрлердин колдору менен жеке тараптарга бекитилип берилген”,- деп билдирди Ош шаардык мэриясынын менчик башкармалыгынын башчысы Канышай Имарова.
Бул иш боюнча аты аталган мэрлер мыйзам алдында жооп беришээри али белгисиз. Шаар тургундары болсо, 2000-жылдан 2024-жылга чейинки шаардык мэриянын ишмердүүлүгүн текшерүүнү суранып жатышат.