Мурдагы министр камакка алынды

Автор

Казакстанда мурдагы ИИМ министри Ерлан Тургумбаев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренесине шектелип, камакка алынды. Бул тууралуу Казакстандын башкы прокуратурасы билдирди.
Аталган ведомство кармалган кишинин кылмыш ишинде мамлекеттик сыр болгондугуна байланыштуу башка маалымат берилбей турганын маалымдады.
Эрлан Тургумбаевди президент Касым-Жомарт Токаев былтыр 25-февралда жумуштан кетирген эле.

Бөлүшүү:
Next Post

Француздар "сапатсыз модага" согуш жарыялады

Француздар дүйнөдө биринчилерден болуп тез мода деп аталган нерсеге согуш жарыялашкан. Сапаты төмөн, арзан кийимдерди массалык түрдө чыгаруу дүйнө жүзү боюнча экологиялык көйгөйлөрдү олуттуу түрдө курчутууда. Франция улуттук деңгээлде текстилдик өндүрүүчүлөргө да, керектөөчүлөргө да таасир эте турган мыйзамды кабыл алууда. Жаңы мыйзам мода эпидемиясын токтотууга багытталган. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн