Мурдагы милиция кызматкери Жалил Атамбаев кармалды

Автор

Мурдагы милиционер жана ишкер Жалил Атамбаев кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, ал 8-августта кармалып, баш калаанын №1 тергөө абагына 4-сентябрга чейин камакка алынган. Ишкер уюшкан топторду жана кылмыштуу топторду каржылаган (КР Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренеси) айыпталууда.
Эске салсак, 2021-жылы ал бир катар кылмыштарга, анын ичинде мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп мыйзамсыз баюуга шектелип кармалган. Кийин 100 млн сом өлчөмүндө келтирген чыгымды төлөп кое берилген.

Бөлүшүү:
Next Post

13-августка карата аба ырайы

13-августта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондордо, Ош облусунун тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз дээрлик жаан жаабайт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 17…22, күндуз 33…38; Талас өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 30…35; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 18…23, күндуз 33…38; Ысык-Көл облусунда […]

Сизге жагышы мүмкүн