Түштүк Кореянын мурдагы коргоо министри Ким Ён Хён Сеулдун чыгышындагы тергөө абагында өз жанын кыюуга аракет кылды. Бул тууралуу Рёнхап агенттиги жазды.
“Болжол менен саат 23:52де күзөтчү кызматкер аны ордер берилерден мурда күтүп туруучу жайдын дааратканасында өз жанын кыюуга аракет кылып жатканын байкап калган”,-деп билдирди Түштүк Кореянын юстиция министрлигинин өкүлү парламенттеги мыйзам чыгаруу жана сот комитетинин жалпы жыйынында.
Түштүк Корея соту мурдагы коргоо министри Ким Ён Хёнду камакка алуу чечимин чыгарган. Ал өлкө президенти Юн Сок Ёльдин аскердик абал киргизүү чечимин ишке ашырууда негизги ролду ойногонго шектелүүдө.