Мурдагы концлагердин 100 жаштагы күзөтчүсү соттолору кабарланды

Автор

Германия бийлиги концлагердин мурдагы күзөтчүсү делген 100 жаштагы Грегор Форманекти сотко берүүнү пландап жатат. Бул тууралуу “Juedische Allgemeine” басылмасы кабарлады.
Май айында сот айыпталуучунун ден соолугунун абалына байланыштуу ишти кароодон баш тарткан. Бирок Франкфурт шаарынын Жогорку аймактык соту бул чечимди жокко чыгарып, айыпталуучунун сотко катышууга жөндөмдүүлүгүн аныктоо боюнча кошумча иш-чараларды өткөрүүнү талап кылды.
Грегор Форманек күзөт батальонунун мүчөсү катары 1943-жылдын июль айынан 1945-жылдын февраль айына чейин 3 300дөн ашык кишинин өлтүрүлүшүнө көмөк көрсөткөнгө айыпталууда.
Франкфурт шаарынын башкы прокурору Торстен Кунце бул иш тарыхый мааниге ээ экенин билдирди.

Бөлүшүү:
Next Post

Акылбек Жапаров Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов менен жолугушту

“Ынтымак Ордо” президенттик администрациянын имаратында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен өлкөгө иш сапары менен келген Казакстандын премьер-министри Олжас Бектеновдун жолугушуусу болду. Жолугушуу Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 12-жыйынынын алкагында орун алды. Минкаб башчысы эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгү кыргыз жана казак элдеринин көп кылымдык достугуна, жалпы маданиятка, тарыхка, тилге, руханий баалуулуктарга […]

Сизге жагышы мүмкүн