Мурдагы «Ганси» борборунда 6,7 млн сомдук мүлк кымырылган

Автор

Мурдагы «Ганси» борборунда 6,7 млн сомдук мүлк кымырып алынгандыгы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Аскер прокуратурасы Коргоо министрлиги менен биргеликте Бишкек турак-жай пайдаланууну камсыздоо базасында жүргүзүлгөн текшерүүдө мурдагы «Ганси» транзиттик ташуулар борборунда сактоодо турган 6 млн 700 миң 600 сомдук материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз ыйгарып алуу фактысы аныкталды.
Аталган факты боюнча Аскер прокуратурасы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу») жана 210-беренеси («Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу») боюнча кылмыш иши козголуп, учурда мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу иштерин жүргүзүү менен кылмышка тиешелүү башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Ай жок болуп кетүү коркунучундагы маданий мурастар тизмесине кирди

Бүткүл дүйнөлүк эстеликтер фонду биринчи жолу Айды жок болуп кетүү коркунучунда турган маданий мурастар тизмесине киргизди. Уюмдун билдирүүсүндө, Айдагы миссиялардын жана коммерциялык учуулардын активдешүүсү алгачкы конуулардан калган артефакттардын жоголушуна алып келиши мүмкүн деген кооптонуулар айтылууда. Астронавттардын издери, адамдын Айга алгачкы кадамдарын чагылдырган камера жана Нил Армстронг менен Базз Олдрин калтырган […]

You May Like