Мурдагы билим берүү министрине 1,5 миллион сом айып салынды

Автор

Сот экс-билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиевге 1,5 миллион сом айып салды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мурдагы чиновник КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча күнөөлүү деп табылды. Айып пулдан тышкары үч жылга мамлекеттик кызматта иштөө укугунан ажыратылды.
Алмазбек Бейшеналиев шаардык сотко аппеляциялык арыз менен кайрылган, бирок алар райондук соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырышкан
Эскерте кетсек, Алмазбек Бейшеналиев 2022-жылдын 28-сентябрында пара алууга шектелип кармалып, эки айга камакка алынган. ИИМ кылмыш ишин чет элдик студенттерди Кыргызстандагы окуу жайларга өткөрүү үчүн пара (110 миң доллар) талап кылуу фактысы менен байланыштырган. Бейшеналиев кармалгандан кийин анын үйүндө тинтүү жүрүп, ал пара катары алган 37,5 миң долларды, кийинчерээк 62,5 миң долларды кайтарып бергени кабарланган.
Андан кийин ал үй камагына чыгарылган.

Бөлүшүү:
Next Post

НАТО өлкөлөрү Украинага 40 миллиард евро бөлөт

НАТОго мүчө-өлкөлөр 2025-жылы Украинага аскердик жардам катары 40 миллиард евро бөлүп беришет. Бул тууралуу Вашингтондо өтүп жаткан Түндүк Атлантикалык альянстын саммитинин декларациясында айтылат. Документте Украина толук евроатлантикалык интеграция жолунда экендиги, анын ичинде НАТОго мүчө болуу жолунда экени тастыкталган. Альянстын катышуучулары Киевге кошулуу чакыруусун жөнөтүшөөрүн, бул бардык союздаштар макул болуп жана […]

Сизге жагышы мүмкүн