Улуттук госпиталдын мурдагы башкы дарыгери Токтобай Маанаев мындан ары жетекчилик кызматта иштебейт. Мындай маалыматты саламаттык сактоо министри таратты. “Мен министр болуп турганда ал иштебейт”,- деди Алымкадыр Бейшеналиев.
Аталган башкы дарыгерди быйыл мартта УКМК капканга түшүрүп, коррупция беренеси менен иш козгогон. Бирок, жакында ал мурдагы кызмат ордуна кайткан. Саламаттык сактоо министри чет өлкөгө болгон иш сапарынан кайтаар, кайтпас Маанаевди кызматтан алып, “ал кылмыш иши жок деген жалган документ көрсөткөнүн билдирди.