“Бир топ күндөн бери Нарынга атомдук электр станциясын куруу боюнча маселе көтөрүлүп жатат. Эгер билсеңер, дүйнө жүзү мындай демилгеден кайтып жатат. Бул коркунучтуу нерсе. Кыргызстанга анын эч кандай кереги жок. Биз андан көрө, дарыяларыбызды колдонуп, же, күндүн энергиясынан электр энергиясын өндүргөн системаны ишке ашырышыбыз керек”,- дейт УКМКнын мурдагы төрагасы Мурат Суталинов. Ал атомдук электр станциясын Орусия курса, кези келгенде алар регионго коркунуч туудуруп, шантаж кылаарын да баса белгилеген.