“Мурас Юнайтед” футболдук клубу Кыргызстандын Кубогун утуп алды

Автор

Кыргызстандын футбол боюнча 2023-жылдагы Кубогун Жалал-Абаддын “Мурас Юнайтед” футболдук клубу утту.

 

Финалдык беттеш кечээ Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү. Башкы байге үчүн беттеште Премьер-лиганын дебютанты “Мурас Юнайтед” өлкөнүн учурдагы чемпиону канттык “Абдыш-Ата” клубун 2:1 эсебинде артта калтырды. Бул жеңиш “Мурас Юнайтед” клубуна 2024-жылы Кыргызстандын Супер кубогу үчүн беттеште ойноого, ошондой эле АФК Кубогунун 2024-жылкы сезонуна тандоо оюндарына катышууга мүмкүнчүлүк берет.

 

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Кубогу 32-жолу ойнотулду.

Бөлүшүү:
Next Post

Курорт кардын жоктугунан биротоло жабылды

Франциядагы Ла Самбуи лыжа базасы кардын аздыгынан улам биротоло жабылды. Мындай чечимди шаардык кеңеш кабыл алды. Курортту иштетүү кирешелүү болбой калды. Өткөн кышта төрт жума гана кар жааган, ошондо да кар аз болгон. Курорт Франциянын Альп тоолорундагы Монбланга жакын жерде жайгашкан.   Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн