“Мурас” турак жай комплексинде ипотекалык батирлер ээлерине берилди

Автор

Бүгүн, 24-декабрда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда мамлекеттик ипотекалык компаниянын салып бүтүргөн “Мурас” турак жай комплекси үйлөрү ээлерине берилди.
Кубанычбек Маликов 91 көчөсүндө жайгашкан үйлөр мурдагы N:47 түрмөдөн бошогон жайга салынган. Көп кабаттуу турак жай 11 блоктон турат. Жалпы батирдин саны 986. Айланасында унаа паркы, жаш балдар үчүн аянтчалар жайгашкан.

Бөлүшүү:
Next Post

Илимдер академиясынын кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлөт

Келерки жылдын 1-январынан тарта Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлеринин айлыгы 70-100 пайызга көтөрүлөт. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгонун маалымат кызматы кабарлады Мамлекет башчы реконструкцияланган академиянын ачылышында кызматкерлердин айлыгы жогорулай турганын убадалаган. Буга чейин ЖК депутаты Илимдер академиясынын жаш кызматкерлери орточо 9 миң сом айлык аларын айткан эле. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн