Мураскор ханзааданын унаасын жардыруу аракети болду

Автор

Сауд Арабиясында өлкөнүн мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Салман аль-Саудга кол салуу аракети жасалды. Бул тууралуу түркиялык Yeni Şafak гезити жазып чыкты.
Маалыматка ылайык Жидда шаарында Сауд Аравиянын Королдук гвардиясынын колоннасындагы унаалардын бири жардырылган. Окуяда Мухаммед бин Салман өзү жабыркаган эмес, бирок көптөгөн күзөтчүлөр набыт болгон.
Мухаммед бин Салман 2017-жылдын 21-июнунан бери Сауд Арабиянын мураскор ханзаадасы болуп саналат. 2018-жылдын май айында Forbes журналы аны дүйнөдөгү эң күчтүү сегизинчи адам катары көрсөткөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 39 ардагери калды

Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 39 ардагери калды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Анын ичинен 3 майып, 18 катышуучу, 8 туткун жана 10 блокадачы 7 миң сом өлчөмүндө акчалай компенсация жана 10 миң сом өлчөмүндө өмүр бою стипендия алышат. Аймактар боюнча ардагерлердин саны төмөнкүдөй: Бишкек шаарында […]

Сизге жагышы мүмкүн