Мураскер ханзада: Палестин элине каршы кыргынды толук айыптайбыз

Автор

Эр-Риядда дүйшөмбү күнү Сауд Аравиясы уюштурган Ислам өлкөлөрүнүн лидерлеринин жолугушуусунда Сауд Аравиясын мураскер ханзадасы Мухаммед бин Салман “Израилдин палестин элине каршы кылып жаткан кыргындарын толук айыптайбыз”,- деди.
Ошол эле мезгилде мураскер ханзада Иранды коргоп чыгып, Израилди Ирандын аймактык суверенитетин сыйлоого чакырды.
Ислам өлкөлөрүнүн лидерлеринин жолугушуусуна Палестинанын президенти Махмуд Аббас, Ливандын премьер-министри Наджиб Микати, Иорданиянын падышасы Абдалла II жана Египеттин президенти Абдель Фаттах ас-Сиси катышты.
Жыйындын максаты — аймактагы тынчтыкты орнотуу үчүн эл аралык коомчулукту чара көрүүгө чакыруу болду.
Газанын жарандык коргоо кызматынын өкүлү Махмуд Басалдын маалыматына караганда Израилдин чабуулдары башталгандан бери Газада 43 миңден ашуун адам курман болду.

Бөлүшүү:
Next Post

Садыр Жапаров: “Шайлоо жыйынтыгы бурмаланат дегенге негиз жок”

Добуштар уурдалат, шайлоо жыйынтыгы бурмаланат дегенге негиз жок. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди. Мамлекет башчысы белгилегендей, азыр шайлоолор мурункудай эмес, “карусель” аркылуу бюллетендерди таңгактап урнага таштаган учурлар жок жана бардык процесстер автоматташтырылган. Бишкекте же облустардын борборунда туруп ар кыл айылдардагы өздөрүнүн жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлай […]

Сизге жагышы мүмкүн