Парижде мушкер Мунарбек Сейитбек уулуна секундант болгон өзбекстандык машыктыруучу Акмаль Хасанов сыйланды. Бул тууралуу Чыңгыз Айматов атындагы Ысык-Көл эл аралык форумунун башкы катчысы Ассоль Молдокматова билдирди.
Өзбек машыктыруучу Акмаль Хасановго Олимпиада учурунда көрсөткөн адамгерчилиги, толеранттуулугу үчүн Чыңгыз Айтматов атындагы медаль Ташкент шаарында ыйгарылды.