Мугалимди кордогондор боюнча айып пул көбөйөт

Автор

Эми мугалимдерди мазактап, сабактарын үзгүлтүккө учураткандар 25 миң сом айып пул төлөшөт. Мындай жазаны билим берүү министрлиги сунуштап жатат. Эгерде ушундай мазактоолор 16 жашка чейинки өспүрүмдөр тарабынан жасалса, анын ата-энесине эскертүү берилет. Эскертүү бир жыл ичинде кайталанса, анда, 30 миң сом айып салынат.
Кыргызстанда мугалимдердин кордолушу күч алганы айтылып келет. Билим берүү министрлигинин мындай сунушу мугалимдердин укугун коргоого багытталууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Франциянын Улуттук Ассамблеясы өкмөткө ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алды

Франциянын Улуттук Ассамблеясы өкмөткө ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алды Франциянын Улуттук Ассамблеясы (парламенттин төмөнкү палатасы) премьер-министр Мишель Барньенин өкмөтүнө ишеним көрсөтпөө чечимин көпчүлүк добуш менен кабыл алды. Бул чечимге 331 депутат добуш берип, бул үчүн зарыл болгон 289 добуш чеги камсыздалды. Ишеним көрсөтпөө чечимине байланыштуу премьер-министр жана өкмөт отставкага кетет. […]

Сизге жагышы мүмкүн