Мугалимди кемсинткен аялды сот жообуна тартуу сунушталды

Автор

“Өткөндө №57 мектепте аябай татсыз окуя болуп, ажаан аял мугалимди кемсинтти. Ал мугалим жумуштан кетип калды. Тиги ажаан аялга болгону 1000 сом айып пул салыптыр. Мугалимдердин айлыгын көбөйтүп гана койбой, аларды коргор, колдош керек”,- деп билдирди Жанар Акаев. Депутат басмырланган мугалимди көрүп, миңдеген мугалимдин кемсинип калганын айтты.
“Эмне үчүн анын жүзүн коомчулукка алып чыкпадыңар? Азыр Бишкектин эле өзүндө 500 мугалим жетишпейт. Ушинтип отурсак мугалимдер келеби мектепке? Ошол мугалимди жумушуна кайрадан орноштуруп, тигил аялды кечирим суратып, сот жообуна тартыш керек”,- деди депутат.

Бөлүшүү:
Next Post

Трамп Коргоо министри кызматына телеканалдын алып баруучусун сунуштады

АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп коргоо министри кызматына Fox News телеканалынын алып баруучусу Пит Хегсетти сунуштады. «Пит – күчтүү, акылдуу адам. Ал «Америка биринчи» принцибин чын жүрөктөн колдойт. Питти башчы кылып койгонубуз Американын душмандарына эскертүү болот. Аскер күчтөрүбүз кайрадан күчкө толот жана эч качан артка кайтпайт»,-деди Трамп. Хегсет 44 […]

Сизге жагышы мүмкүн