Мугалимдердин эмгек өргүүсүн төлөөгө 7 млрд сом бөлүндү

Автор

2023-2024-окуу жылы үчүн жалпы билим берүү мектептеринин мугалимдерине эмгек өргүүсүн төлөөгө 7 млрд сом бөлүндү . Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мугалимдер эмгек өргүүсүн 2024-жылдын 1-июнунан тарта ала башташты. Мугалим жана билим берүүнүн башка кызматкерлерине эмгек өргүүсүн төлөөгө бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 7 млрд сомду түздү.
2024-жылдын июнь айынын эмгек өргүүлөрү жана эмгек акылары жалпы билим берүү мектептеринин эсептөө счетторуна 2024-жылдын 11-июнунда которулган. Ошентип:
Бишкек шаарында кыргыз тили мугалиминин өргүүгө чыгуусунун максималдуу суммасы 102 миң сомду түзүп, колуна 82 миң сом алды;
Ош шаарында физика мугалиминин өргүүгө чыгуусунун максималдуу суммасы 101 миң сомду түзүп, колуна 81 миң сом алды;
Аламүдүн районунда орус тили мугалиминин өргүүгө чыгуусунун максималдуу суммасы 143 миң сомду түзүп, колуна 115 миң сом алды;
Ат-Башы районунда мугалимдин өргүүгө чыгуусунун максималдуу суммасы 94 миң сомду түзүп, колуна 77 миң сом алды;
Москва районунда математика мугалиминин өргүүгө чыгуусунун максималдуу суммасы 104 миң сомду түзүп, колуна 84 миң сом алды.

Бөлүшүү:
Next Post

Кытай Кыргызстан сунуштаган долбоорлорду колдоого даяр

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Үрүмчү шаарына болгон иш сапары учурунда Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, КЭР СУАРдын Партиялык комитетинин Катчысы Ма Синжуй менен жолугушту. Алар соода-экономикалык, транспорт, көзөмөл өткөрүү жайлары, энергетика жана маданий-гуманитардык тармактары боюнча сүйлөшүштү. Кыргызстан Кытайга айыл чарба продукцияларын экспорттоону көбөйтүп, СУАР Кытайдын […]

Сизге жагышы мүмкүн