Мугалимдердин иштен кетиши боюнча министрлик үн катты

Автор

Билим берүү жана илим министрлиги Т.Сатылганов атындагы №69 жалпы билим берүү мектебинде мугалимдердин иштен кетиши боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин маалыматына таянып маалымат берди.
Маалыматка ылайык, 2-сентябрынан тарта Т. Сатылганов атындагы №69 жалпы билим берүү мектебинде ийрим иштеринин 34 жетекчиси жана 9 мугалим өз каалоосу менен иштен бошогон. Азыркы учурда мектеп штаттык режимде иштөөдө жана бош кызмат орундар жок.
«Мурда Бишкек шаарында 37 статустуу мектеп бар болчу. 2024-жылдын 1-сентябрына карата статусу бар 11 жалпы билим берүү уюмунун “лицей” жана “гимназия” түрүндө аккредитациялык сертификатынын мөөнөтү бүттү. Ал эми 26 мектепте аккредитациялык сертификаттардын күчү сакталууда (орточо алганда 2028-жылга чейин). Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы №519 Токтомуна ылайык, «мектеп-гимназияларда (гимназияларда-интернаттарда) жана мектеп-лицейлерде (лицей-интернаттарда) иштеген педагогикалык жана жетекчи кызматкерлерге 2024-жылдын 18-августуна карата абал боюнча аталган жалпы билим берүүчү уюмдарды аккредитациялоо жөнүндө сертификаттын мөөнөтү колдонулган мезгилге тиешелүү түрдө 15 жана 20 пайызга жогорулатылган ставкалардын жана кызматтык маяналардын өлчөмдөрү сакталат» деп белгиленген», — деп жазылат билдирүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Мектептерде II чейректен тарта электрондук күндөлүк киргизилет

Кыргызстанда II чейректе мектептерге электрондук күндөлүк киргизилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда мектептер үчүн мамлекеттик электрондук күндөлүктү түзүү иштери аяктап калды. “Үстүбүздөгү окуу жылынын экинчи чейрегинен тарта жарандар билим берүү процессин башкарууну, билим берүүнүн сапатын баалоону жана окуу-методикалык материалдарды бириктирген биринчи улуттук портал болгон […]

Сизге жагышы мүмкүн