Мохамед Салах Чемпиондор Лигасында эң мыкты африкалык бомбардир болуп калды

Автор

Ливерпулдун жылдызы египеттик чабуулчу Мохамед Салах Чемпиондор Лигасынын жалпы баскычынын экинчи турунда Болонья менен болгон оюнда гол киргизди.
Мерсисайддык клуб Болоньяны 2:0 эсебинде жеңип алды. Салах Чемпиондор Лигасында карьерасындагы 45-голун киргизди. Бул көрсөткүч боюнча египеттик футболчу “Челсинин” экс-форумчусу Дидье Дрогадан алдыда. “Фараон” африкалык футболчулар арасында Чемпиондор Лигасынын тарыхында эң мыкты бомбардир болуп калды.
Эске сала кетсек, Арне Слоттун жетекчилигинде “Ливерпуль” Чемпиондор Лигасынын алгачкы эки беттешинде жалпы 5:1 эсебинде эки жеңишке жетишкен. Үчүнчү турда мерсисайддыктар Германиянын РБ Лейпциг командасы менен конокто ойнойт.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 4 – октябрь саат 09:30га карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 84 сом 70 тыйындан болсо, сатуу 84 сом 90 тыйынга чейин болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 84 сом 46 тыйын деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн