“Ливерпулдун” жылдызы египеттик чабуулчу Мохамед Салах ушул сезон аяктагандан кийин эркин агент катары француздук “ПСЖ” клубуна өтүүгө макул болду.
L’Equipe басылмасынын маалыматына караганда, 32 жаштагы египеттик футболчу Париж клубуна өтүүсүнө жашыл жарык берди. Салах ПСЖнын долбооруна кызыгып жатат. Атактуу футболчу жылына 40 миллион евро татыктуу маяна алып, Европадагы эң көп маяна алган оюнчулардын бири болуп калышы мүмкүн деген кептер басма сөздө тараган.
Белгилей кетсек, Салах 2025-жылдын жайында эркин агентке айланат. Бул сезондо Мохамед Салах мерсисайддык команданын курамында Англия чемпионатында 13 матч өткөрүп, анда 11 гол киргизип, 7 пас берген.