Мохамед Салах Палестина үчүн бүткүл дүйнөнү биригүүгө чакырды

Автор

Англиянын “Ливерпуль”  жана Египеттин курама командасынын футболчусу Мохамед Салах дүйнө коомчулугуна жана дүйнө лидерлерине Газа тилкесинде мындан ары “бейкүнөө адамдардын кыргынына” жол бербөөнү талап кылган видео кайрылуу жазды.

Мындай мезгилде туура сөздү табуу кыйын экен. Биздин көз алдыбызда өтө көп зордук-зомбулук жана жүрөк сыздаткан ырайымсыздык болуп жатат. Акыркы жумаларда күчөп баратканын согуштук аракеттер  көрүү коркунучтуу. Бардык адамдардын өмүрү ыйык. Үй-бүлөлөр бузулуп жатат. Эми Газага гуманитардык жардам көрсөтүүгө токтоосуз уруксат берилиши керек экени айкын болду. Газага гуманитардык жардам дароо жеткирилиши керек экени анык” деди.

“Учурда ал жердеги адамдар коркунучтуу абалда. Кечээ түнү Газадагы оорукана менен болгон окуя үрөй учурарлык . Газадагы эл тамак-аш, суу жана дары-дармекке муктаж. Мен дүйнөлүк лидерлерди чогулуп, токтоп, бейкүнөө жандардын мындан ары кырылышына жол бербөөгө чакырам. “Адамзат жеңип чыгышы керек.” – деп кошумчалады чабуулчу.

Буга чейин Салах Газа тилкесинин тургундарынын муктаждыктарына олуттуу каржылык жардам көрсөткөнү белгилүү болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

Президент агроөнөр жай кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-октябрда Кыргызстандын агроөнөр жай тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.   Мамлекет башчысынын куттуктоосунда мындай деп айтылат: “Урматтуу агроөнөр жай тармагынын кызматкерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын! Кыргызстандын ондогон кылымдар бою калыптанган мал чарбачылыгы менен дыйканчылыгы биздин […]

Сизге жагышы мүмкүн