Мохамед Салах “Ливерпуль” клубуна шарт койду

Автор

“Ливерпулдун” чабуулчусу Мохамед Салах анын шарттары аткарылса, клубда калышы мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 32 жаштагы египеттик футболчу эгер кызылдар ага үч жылдык жаңы келишим сунуштаса, карьерасын «Ливерпулда» улантууга даяр. Тараптардын учурдагы келишими келерки жылдын жайында бүтөт.
Буга чейин басма сөздө Мохамед “Ливерпульден” кетип, карьерасын Сауд Аравиянын чемпионатында улантаары айтылган. Салах 2017-жылдын жайынан бери англиялык топ-клубдун түсүн коргоп келет. Transfermarkt порталынын эксперттери анын рыноктук баасын 55 миллион еврого баалап жатышат.

Бөлүшүү:
Next Post

Путин БРИКСке мүчө өлкөлөр тилектеш экенин айтты

Россиянын Президенти Владимир Путин БРИКСке мүчө болгон суверендүү өлкөлөрдү тилектеш деп атады. “Чынында эле, БРИКСтин курамында ар кандай континенттерди, өнүгүү моделдерин, диндерди, өзгөчө цивилизациялар менен маданияттарды камтыган тилектеш суверендүү өлкөлөр бар деп айта алабыз”,-деди Путин БРИКС саммитинин тар курамдагы жыйынында. Мамлекет башчысы БРИКСке мүчө бардык өлкөлөр теңчиликке, жакшы коңшулукка жана […]

Сизге жагышы мүмкүн