Мохамед Салах “Ливерпуль” клубунан кетпейт

Автор

“Ливерпуль” клубунун чабуулчусу Мохамед Салах командасы менен болгон келечеги тууралуу чечим кабыл алды.
Журналист Дэвид Орнштейндин социалдык тармактарда жазганына караганда, египеттик жайкы трансфер терезесинде англиялык клубдан кетүүнү көздөбөйт. “Ливерпуль” клубу Салахтын кеминде дагы бир сезон командада калышын күтөт. Чабуулчунун учурдагы келишими 2025-жылдын жайында аяктайт.
Эске салсак, Мохамед Салах 2017-жылы италиялык “Ромадан” Ливерпульга өткөн. Бул сезондо Мохамед Салах англиялык команданын курамында бардык турнирлерде 41 беттеш өткөрүп, 24 гол жана 13 пас киргизген. Transfermarkt интернет порталынын маалыматы боюнча 31 жаштагы оюнчунун базар баасы 65 миллион еврону түзөт.

Бөлүшүү:
Next Post

1-майга карата аба ырайы

1-майда өлкөнүн айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу автожолдордо кар жаап, тоңголок болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +15…+20, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +6…+11, күндүз […]

Сизге жагышы мүмкүн