Мохамед Салах Африка кубогунун беттешинде жаракат алды. Ливерпулдун жана Египеттин чабуулчусу Гана менен болгон беттештин биринчи жарымында кошумча убакытта алмаштырылды.
Эске сала кетсек, 2024-жылкы Африка Кубогу Кот-д’Ивуарда беш шаардын алты стадионунда (Абиджан, Буаке, Корхого, Сан-Педро, Ямусукро) 13-январдан 11-февралга чейин өтүүдө. Учурдагы кубоктун ээси Сенегал курамасы.