Москва Эммануэль Макаронду кемсинткен жообун берди

Автор

Орусиянын коопсуздук кеңешинин төрага орун басары Дмитрий Медведев Франциянын президенти Эмануэль Макронго катуу жооп берди.
Анын жообу “мен ага өзү түшүнгөн тилде жооп берем”,- деп башталат.
Дмитрий Медведев: “Адамдарды ар түрдүү оорулар тооруп алат. Алардын айрымдары, жижиң болсо, аллергия менен ооругандарда мээ көйгөйү орун алат. Тилекке каршы, Франциянын учурдагы президенти Эмануэль Макрон ушул мен айткан эки оору менен бирдей ооруйт. Биринчиси, алдына коё берүү, экинчиси, оозуна ээ боло албоо. Ал Европанын коопсуздугу үчүн Орусиянын жеңилишине муктаж экенин айтып, мындан улам Киевдеги улутчулдарга узактан атуучу ракеталарды берүү жана НАТОго мүчө өлкөлөрдү Киевге жөнөтүү демилгесин көтөрдү. Мындан улам Макрондун мен айткан оорулары өнөкөт болуп баратат. Сен кичинекей бала эмессиң, бирок, көп сүйлөгөнүң менен айткандарың маанисиз”,-деди Дмитрий Медведев.
Орус президенти Владимир Путиндин кадамдары бүткүл Европаны бүлүккө салды. Ал “Европа Киевге кол сунса, атомдук согуш башталат жана мындан эч кимдин утушу болбойт”,- деп билдирди.

Бөлүшүү:
Next Post

Дагы бир депутат мандатынан ажырайт

Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Чойбеков мандатынан ажыроо алдында турат. Белгилүү болгондой, Бишкек шаардык администрациялык соту Талас округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Бишкек шаарын 1 жыл, Ысык-Көл облусун 2 ай башкарган Эмил Абдыкадыров Бишкек шаардык сотко административдик доо арыз менен кайрылган. Сот анын доо арызын канааттандырып, Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоо […]

Сизге жагышы мүмкүн