Москва мэрин шайлоодо Собянин жеңди

Автор

Сергей Собянинди Москва мэрин шайлоодогу жеңиши менен куттукташты. Россиянын баш калаасында бул шайлоо өнөктүгүндө 3,2 миллиондон ашык адам добуш берди.
Сергей Собянин москвалыктарга шайлоодо көрсөткөн колдоосу жана жарандык позициясы үчүн ыраазычылык билдирди. Штабдын мүчөлөрүнө, активисттерге жана ишенимдүү адамдарга, ошондой эле «Бирдиктүү Орусия» партиясына өзгөчө ыраазычылык айтты.
Москвалыктар өз тандоолорун онлайн, электрондук терминалдар же кагаз бюллетендерди шайлоо участкаларында жасашты.
Бирдиктүү добуш берүү күнү Россияда 8-сентябрдан 10-сентябрга чейин өтүп, шайлоо өнөктүгү өлкөнүн 85 аймагын камтыды. Аймактардын башчыларын, мыйзам чыгаруу жыйындарынын депутаттарын шайлашты. Жогорку бийлик өкүлдөрүн түз шайлоо 21 аймакта, ал эми мыйзам чыгаруучу органдардын депутаттарын 20да түз шайлоо өткөрүлөт. Добуш берүүгө биринчи жолу Донецк жана Луганск элдик республикалары, Запорожье жана Херсон облустары катышууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Улан Усеков министр болуп дайындалышы мүмкүн

Билим берүү министрлигин убактылуу жетектеп турган Улан Усеков боюнча элде оң пикирлер пайда болууда. Ал билим берүү тармагын реформалап, системанын ичиндеги мите курттар менен күрөшө алат деп үмүт артылганы айтылып жатат. Айрыкча, интригасы жок жетекчи катары кесиптештеринин ишенимине арзып, Жогорку Кеңештин да колдоосуна ээ болгону, тар чөйрөдө болсо, “Ата Журт […]

Сизге жагышы мүмкүн