Москва АКШ менен Евробиримдикке террордук чабуулдар боюнча суроолорду жолдоду

Автор

Орус тарап АКШга жана Европа өлкөлөрүнө Батыш түзүмдөрүнүн Россия Федерациясына каршы террордук чабуулдарга катышуусу мүмкүндүгү боюнча суроо-талаптарды жөнөттү. Документтер өлкөнүн башкы прокуратурасы тарабынан даярдалды.
Көзөмөл органына бир күн мурда Мамлекеттик Думанын депутаттарынын кайрылуусу келип түшкөн. Алар Россияга каршы террордук чабуулдарга, анын ичинде Түндүк агым 1 жана Түндүк агым 2 газ түтүктөрүндөгү жардырууларга чет элдик адамдардын катыштыгы бар экендигин текшерүүнү талап кылышкан. Материалдарды изилдеп чыгып, Башкы прокуратура АКШнын, ошондой эле Германиянын, Франциянын жана Кипрдин компетенттүү органдарына суроо-талаптарды жөнөткөн.

Бөлүшүү:
Next Post

4-апрелге карата аба ырайы

4-апрелде түнкүсүн Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз Чүй, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +15…+20, […]

Сизге жагышы мүмкүн