Москвада КМШ өкмөт башчылары бир катар документтерге кол койду. Тизме

Автор

Москвада өткөрүлгөн Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин отурумунун жыйынтыгында бир катар документтерге жана чечимдерге кол коюлду.
Төмөндөгү тизмеде кол коюлган документтер:
— Жарандык кеме курууну өнүктүрүүдө жана кемелердин тетиктерин чыгарууда КМШга мүчө мамлекеттердин кызматташуусу жөнүндөгү макулдашуу;
— КМШга мүчө мамлекеттердин пенитенциардык кызматтары үчүн кадрларды даярдоо жөнүндөгү макулдашуу;
— КМШга мүчө мамлекеттердин ортосундагы транспорттук комплексти санариптик трансформациялоо жаатында кызматташуу жөнүндөгү меморандум;
— КМШга мүчө мамлекеттердин 2025–2026-жылдарга гуманитардык кызматташуу жаатындагы артыкчылыктуу иш-чаралардын планы;
— КМШга мүчө мамлекеттердин өз ара соодасындагы тоскоолдуктар жөнүндө;
— КМШ органдарынын бирдиктүү бюджетинен каржылануучу КМШ органдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө маселелерин жөнгө салуучу КМШнын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;
— КМШ органдарынын ишин финансылык жактан камсыз кылуу жөнүндө.

Бөлүшүү:
Next Post

Нетаньяху ирандыктарга кайрылды

Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху Ирандын жарандарына кайрылып, анын өлкөсү алар менен тынчтыкта болууну каалай турганын билдирди. Израилдин премьер-министринин фарси субтитрлери менен үч мүнөттүк видеокайрылуусу социалдык тармактарга жарыяланды. “Мен тактык киргизүүнү каалайм. Израиль тынчтыкты каалайт. Биз биз менен чындап тынчтыкта болууну каалаган адамдардын бардыгы менен тынчтыкты каалайбыз. Мен сиздер, Иран эли, […]

Сизге жагышы мүмкүн