Москвада КМШнын саммити өтөт

Автор

Жыйынга Азербайжандын, Армениянын, Беларусиянын, Казакстандын, Кыргызстандын, Россиянын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын жана Тажикстандын мамлекет башчылары катышат. Иш-чара Россиянын президенти Владимир Путиндин төрагалыгында өтөт.
Россиянын президентинин жардамчысы Юрий Ушаков саммиттин күн тартиби тууралуу айтып берди. «Күн тартибинин долбоору он төрт маселени камтыйт. Мамлекет башчылары КМШ алкагында быйылкы жылдагы кызматташуунун жыйынтыгын чыгарып, 2025-жылга карата негизги милдеттерди аныкташат. Алар учурдагы эл аралык жана аймактык маселелерди, ошондой эле уюмдун жана анын аткаруу түзүмдөрүнүн, тармактык органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча кадамдарды да талкуулашат»,-деди Юрий Ушаков.
КМШга мүчө мамлекет башчыларынын кеңеши лидерлердин биргелешкен сүрөткө түшүүсүнөн башталган жыйын алгач тар курамда, андан соң кеңейтилген курамда өтөт. Мамлекет башчылары документтерге кол коюу аземине катышат. Саммит анын катышуучуларынын урматына арналган салтанаттуу кабыл алуу менен аяктайт.

Бөлүшүү:
Next Post

Дүйнөдө эң көп окулган 10 китеп

Жасалма интеллекттин маалыматы боюнча дүйнөдө эң көп окулган 10 китеп жарыяланды.Бул китептер миллиондогон нускаларда сатылган жана көптөгөн тилдерге которулган, окурмандар арасында кеңири жайылган. Дүйнөдө эң көп окулган 10 китеп төмөнкүлөр: 1. Курани Керим – Ислам дининин негизги ыйык китеби. 2. Библия – Дүйнөдө эң кеңири таралган жана окулган диний текст. […]

Сизге жагышы мүмкүн