Москвада быйыл Жаңы жылда фейерверк атылбайт. Бул тууралуу шаар башчысы Сергей Собянин билдирди.
“2023-жылдын башында жаңы жылдык майрамдар боюнча добуш берүү өткөрүлгөн. Жыйынтыгында фейерверктерден жана чоң көчө концерттеринен баш тартуу максатка ылайык деп табылган”,-деп маалымдаган Собянин. Ошондой эле ал жаңы жылдык иш-чараларга жумшалган чыгымдарды үнөмдөө менен ал каражаттар аскер кызматкерлерин жана алардын үй-бүлөлөрүн колдоого, жаңы аймактарды калыбына келтирүүгө багытталарын айткан.
Жаңы жылдык салюттарды бир катар аймактарда жокко чыгаруу чечими кабыл алынды. Алардын катарына чек арага жакын жайгашкан Курск жана Брянск облустары, Удмуртия жана Пермь кирет.
2022 жана 2023-жылдары Москвада Жаңы жылды фейерверксиз тосушкан. Бул жылы Жеңиш күнүнө карата фейерверк уюштурулган. Бирок Шаар күнүндө бул салтанат жокко чыгарылган.