Дүйшөмбүгө караган түнү Москванын Басман соту Крокус Сити Холлдогу терактка катыштыгы болгон шектүүлөр Мухаммадсобир Файзов менен Шамсидин Фаридунини 22-майга чейин камакка алды. Ага чейин Басман соту эки адамды шектүүлөр Далержон Мирзоев жана Муродали Рачабализоданы камакка алууга уруксат берген. Соттун басма сөз кызматы билдиргендей, алар күнөөсүн мойнуна алышты. Отурум жабык өттү.
Алар Россиянын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (3-бөлүгүнүн “б” пункту) негизинде теракт жасаганга айыпталууда жана өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы болжолдонууда.