Москвага эң көп учкучсуз учак чабуул жасады

Автор

21-августка караган түнү Москванын асманында 10дон кем эмес учкучсуз учактар байкалган. Алардын баары атып түшүрүлгөн. Бул тууралуу Россиянын борбор калаасынын мэри Сергей Собянин Telegram баракчасында жазган.
“Бул Москвага учкучсуз учактар менен чабуул жасоонун эң чоң аракеттеринин бири болду. Биз кырдаалды көзөмөлдөөнү улантуудабыз”,-деп ишендирди Собянин.
Телеграм каналдарындагы маалыматтарга караганда, Москвада жарылуулар түнкү саат 3төн 5ке чейин угулган. Россиянын борбор калаасына жакын жерде абадан коргонуу күчтөрү иштеп жатты.

Бөлүшүү:
Next Post

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына аттарды жана тоют, чөптөрдү жеткирүүгө тендер жарыяланды

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн катышуучуларды жана аттарды Астанага алып баруу жана алып келүү үчүн тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталындагы жарыяда айтылат. КР Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата катышуучуларды, жылкыларды, тоюттарды, чөптөрдү жана дандарды ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга тендер […]

Сизге жагышы мүмкүн