Москвага кетип жаткандардан орус тилинен сынак алына баштады

Автор

Ашхабад аэропортунда миграция кызматкерлери Россияга кетүүгө даярданып жаткан жарандардын орус тилин билүү деңгээлин текшерүүдө. Суроолорго түшүнбөгөндөр өлкөдөн чыгарылбай жатат.
Маалыматтарга караганда Росссияга кетүүнү каалагандардан орус тили боюнча курстардын сертификатын талап кыла башташты. Күн сайын бир нече адам кетүүгө уруксат ала албай жатат. Паспорттук көзөмөлдө көбүнчө окууга чакыруу алган жаштарды артка кайтарып жатышат.
Бул көрүнүштү, Түркмөнстандын жарандары орус тили боюнча курсту окубай эле, 1500 манат төлөп, сертификат сатып алып жаткандыгына байланыштырууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 5-сентябрь саат 09:30га карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 84 сом 16 тыйын болсо, сатуу 84 сом 63 тыйынга чейин болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 84 сом 36 тыйын деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн