Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчиси иштен кетти

Автор

Кеңешбай Тайлаков Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы кызматынан кетти. Бул тууралуу ал өзүнүн “Фейсбук” баракчасына жазды.

 

Маалыматка ылайык, Тайлаков өзүнүн берген арызынын негизинде жумуштан бошотулган.

 

Тайлаков 2013-жылдын июнь айынан 2021-жылдын апрелине чейин Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары болгон.

 

Ал эми 2022-жылдын февралында мекемеге төрага болуп дайындалган.

Бөлүшүү:
Next Post

19-августка карата аба ырайы

Эртең, 19-августта Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.   Абанын температурасы:   Чүйдө түнкүсүн 13…18, күндүз 29…34;   Таласта түнкүсүн 9…14, күндүз 26…31;   Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15…20, күндүз 31…36;   Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз […]

Сизге жагышы мүмкүн